Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бир катар маданият өкүлдөрүнө ыйгарылды 

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, сыйлык төмөнкү инсандарга ыйгарылды:

Таалайбек Усубалиев, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

Анар Сыдыгалиева, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

Данияр Жанжигитов, актёр — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

Алымгазы Конушбаев, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык — чыгармачыл инсандардын мыкты чыгармалары үчүн адабият, маданият жана архитектура тармагы боюнча ыйгарылуучу сыйлык.

Related posts

Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

admin

Азия оюндары: Назим Нурланов коло байгеге ээ болду

admin

КР УКМК: Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды

admin

Комментарий