«Үчөөнү кайсы кара теке сүздү билбейм». Садыр Жапаров «чайхана чатагы» боюнча үн катты

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалып, шектүү делген 6 кишинин сүрөтү жарыяланды. Интернетте кармалгандардын жоон тобу «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү экендиги айтылып, алардын камакка алынышы социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Бул окуяга карата «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту.

«Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн СМС билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп эскерткем. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда «Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап» дегем.

Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат. Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм. Шантажчылар мурдатан эле “Президентке жамандап кызматтан алдыртабыз” деп шантаж кылып акча алып жүрүшкөнүн билип, эки тарапты тең чакырып: «Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы мага даана көрүнүп турат. Мурдагы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын бөлбөйм. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм. Менин башкаруу мөөнөтүмдө эл үчүн, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдойм. Тигини-муну кызматтан ал деген сөзүңөрдү токтоткула. Ким иштей албай жатса, уурдаса силерсиз эле кызматтан алам», — деп узаткам. Жеңил жашоого көнүп алган адам оңолбойт экен да.

Мен кандай болбосун бир жактуу эле карап жыйынтык чыгара бербейм. Сөзсүз эки жакты тең угуп, кайсы тарабында чындык бар экенин тактап туруп анан жыйынтык чыгарам. Ошондуктан мекенчилдер камалды деп ызы-чуу түшө бериштин кереги жок. Медалдын эки бети бар экенин эстен чыгарбагыла», — деди ал.

Related posts

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги мектептер онлайн окууга өтөт, бала бакчалар иштебейт

admin

Күндүз +26° чейин — 30-октябрга аба ырайы

admin

Түркиялык адистер Кыргызстандын органдарды алмаштырууга даярдыгын баалап жатышат

admin

Комментарий