Өкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгарды. Чоо-жайы

Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик билүү деңгээлин белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тагыраагы, бул мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.

Документте тилди талаптагыдай өздөштүрүп билүүнүн эки мөөнөтүн, тагыраагы, 2025 жана 2027-жылдарды белгилешкен.

Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:

2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;

2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.

Мамлекеттик жана муниципалдык менчик ишканалардын, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:

2026-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;

2028-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.

Кыргызстанда туруктуу жашаган этностук азчылыктар үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:

2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) кем эмес;

2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес.

Мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү;

2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт;

Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Related posts

8-марттан тарта өлкөдө мас айдоочулар 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат 

admin

Ооганстандагы жер титирөөдөн 500гө жакын адам каза болду

admin

Ош шаарындагы бала бакчада тартылган видео интернетке тарап… Анын директору кармалды

admin

Комментарий