ӨКМ: «Сосновка» постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

«Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан коопсуздук максатында киргизилген. Бүгүн таңкы саат 8:30дан тартып «Сосновка» постундагы чектөөлөр жокко чыгарылды, ошондой эле «Арал» постундагы чектөө да алынды.

Жолдун учурдагы абалына байланыштуу айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактоо сунушталат.

Related posts

Ветеринардык кызматтын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Даниел Ажиевдин бюджетке 44 миллион сом которгону маалымдалды

admin

Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат

admin

Комментарий