Өлкөдө 167 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат 

Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат:

• Баткен облусунан – 14 окуучу

• Бишкек шаарынан – 76 окуучу

• Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу

• Нарын облусунан – 6 окуучу

• Ош шаарынан – 8 окуучу

• Ош облусунан – 20 окуучу

• Талас облусунан – 5 окуучу

• Чүй облусунан – 21 окуучу

• Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

“Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.

Related posts

Жумагазиев Чүйдүн калктуу конуштарын электр энергия менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды

admin

Нарын шаарындагы откананын имаратын мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Жаан жаайт. 3-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий