№29 мектептин мурдагы директору кармалды

Бишкек шаарынын билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын №29 орто мектебине балдарды кезекке коюуда «Мектеп» электрондук системасы аркылуу белгиленген тартипте каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктап, токтотту.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын комплексинин жыйынтыгында Бишкек шаарынын №29 орто мектебинин мурдагы директору К.М.Ж. аталган мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болуп туруп, акчалай компенсация үчүн балдарды мектепке киргизүү боюнча кызмат көрсөткөндүгү аныкталган.
Алынган маалыматтар боюнча К.М.Ж. балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жасалма документтерин колдонуу менен 2025-жылдын апрелинде электрондук кезекке коюуга 86 арызды кабыл алууга жана бекитүүгө мыйзамсыз «жардам бергенин» көрсөттү. Белгилей кетсек, аталган мектепке тиешелүү 4 турак жай дареги боюнча 86 бала катталган.
Ошентип, белгиленген тартипте ак ниеттүүлүк менен «Мектеп» электрондук системасы аркылуу кезекке туруп, балдарын окутууну каалаган ата-энелердин мыйзамдуу укуктары бузулган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө К.М.Ж. өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин жашыруу жана оң жыйынтык чыгаруу максатында пара сунуштап, КР УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын электрондук капчык аркылуу берген.
Бул факт боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси «пара берүү» менен кылмыш иши козголуп, К.М.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
КР УКМК бул схемага тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча иштерди улантууда.
Буга байланыштуу КР УКМК тарабынан өлкө боюнча мектептерде ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Чоң Чүй каналынын жээгинен 23 жаштагы кызга таандык жеке буюмдары табылды

admin

ЖМК: Трамп Украинадагы согушту жүз күн ичинде токтотууну тапшырды

admin

15-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий