Баткенде 17,5 тонна күрүчтү аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенишкен 

Баткенде 17,5 тонна күрүчтү аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Раззаков – Баткен – Ош унаа жолунда А.А.Ж аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volvo FH13.460 үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн 700 кап күрүч табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери болгон эмес.

Кармалган жүктүн жалпы салмагы 17 тонна 500 кг, орточо базар баасы 2 млн 625 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар териштирүү иштеринин алкагында Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

 

Related posts

Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууга старт берди

admin

Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш өлкөнү жаңы багытта өнүктүрүүгө өз салымын кошо берет”

admin

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды 

admin

Комментарий