Үй, автоунаа менен соодалашууну накталай эмес, сом менен гана жүргүзүү сунушталды

 Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен соодалашуу улуттук валютада жана накталай эмес гана жүргүзүлөт. Экономика жана коммерция министрлиги тиешелүү өзгөртүүлөрдү демилгелеп коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

«Өлкө аймагында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада накталай эмес гана жүзөгө ашырылат», — деп жазылган документте.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдө улуттук валютаны төлөм каражаты катары кабыл алуудан баш тарткан жана башка валютада соода жүргүзгөн жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом айып салуу каралган.

Related posts

УКМК: Милиция баңги зат менен «подстав» уюштуруп, күнөөсүз адамды каматкан

admin

Садыр Жапаров Балыкчыда Кызыл Омпол кени тууралуу сөз кылды (сүрөт)

admin

Жалал-Абадда нефть куюучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

admin

Комментарий