Үйсүз калган баткендиктерге убактылуу жашоого кеткен чыгымына 200 миң сомдон берилет

Тажикстандын кол салуусу учурунда турак жайсыз калган баткендиктерге убактылуу жашоого кеткен чыгымдарын жабууга атайын эсептен 200 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө чогулган 320 млн сомдон аталган төлөмдөргө 49,6 млн сом бөлүндү. Бул каражат 400 үй-бүлөгө бөлунүп берилет.

«Ар кандай деңгээлде жаракат алган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация өзүнчө берилет. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап жатат. Кыйраган жана бузулган үйлөрдү жана объекттерди калыбына келтирүү үчүн өзүнчө каражат каралган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн», — деди Дүйшеева.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

 Булак: Кабар

Related posts

 Бишкекте Элдик курултай өтөт

admin

КР УКМК: Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөр дем алыш болот

admin

Комментарий