Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан рейтингдик турниринде коло байгеге ээ болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Варшава шаарында (Польша) өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” аттуу рейтингдик турнирде коло байгеге татыды.

Спортчу 97 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде катышып, тилекке каршы биринчи кармашын украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешин алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн кармашын польшалык Якуб Антожевски аттуу спортчу менен өткөрүп, 3-орунду багындыра алды.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшадагы рейтингдик турнирге катышып жатат. 19-июнь күнү башталган мелдештер 24-июнда жыйынтыкталат.

Related posts

Жогорку Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин актады

admin

13-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Блогер Арген Асанов мурдагы жубайы Аружан Бекешеванын жакшылыгына барды (видео)

admin

Комментарий