ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 19-апрелден 20-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Related posts

Криминалдык авторитет Адилет Касенов да эркиндикте. Буга ден соолугу себеп болгон

admin

Өзгөчө кырдаалдар министри Түптөгү сел жүргөн айылдарга барды (сүрөт)

admin

Блогер Ырыс Жекшеналиев акталды

admin

Комментарий