Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 2-мартка карата аба ырайы

Кыргызстанда 2-мартка карата аба ырайы.

Түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде туман. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -3…-8

күндүз -4…+1

Талас району

түнкүсүн -5…-10

күндүз -1…-6

Баткен областы

түнкүсүн -3…+2

күндүз -1…+4

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -3…+2

күндүз -1…+4

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -1…-6

күндүз 0…+5

Нарын областы

түнкүсүн -10…-15

күндүз 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Мүмкүн туман. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 2…+4° жылуу болот.

Related posts

УКМК: Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырган жалганчы кармалды

admin

«Криминалдар коркутса кайрылгыла». УКМК эскертүү жарыялады

admin

2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Комментарий