Өспүрүм кыздын зордукталышы: Шектүүлөрдү камактан бошоткон сот кызматтан кетти

16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу ишти караган сот кызматынан бошотулганы белгилүү болду.

Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 2 шектүүнү өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошоткон болчу.

Жогорку соттун маалыматы боюнча, судья 8 июлда Соттор кеңешине ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнө мурда токтотуу тууралуу арыз жазган. Буга чечими менен сот системасына көлөкө түшүргөнү себеп болду, деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

16 жаштагы кыз зордукталганына байланышкан иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирген болчу.

Анын айтымында, 2 фигурант КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 161-беренесинин 3-бөлүмү («Зордуктоо»), 162-берененин 3-бөлүмү менен айыпталып жатат. Алдын ала угууда сот 2 айыпталуучуну өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошотту.

«Жабырлануучу кыз жаракаттын кесепетинен өлүп кала жаздаган», – деп белгиледи Турдубекова

Related posts

Айыл чарба министрлиги ичтеги дана сырттагы жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүнү сунуштайт

admin

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. Кеңештердин уюштуруу сессияларынын биринчи күнүндө 51 төрага шайланды

admin

УКМК: Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

admin

Комментарий