Өтмөк ашуусуна кар жаады. Дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну унутпаңыз

Бүгүн, 11-октябрь күнү Өтмөк ашуусуна 6-7 сантиметр калыңдыктагы кар жаап, №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Related posts

Баткендеги капчыгайда дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинистти издөө иштери башталды

admin

Алай районунун акими болуп Азамат Кожомамбетов дайындалды

admin

Темирлан Султанбеков добуш сатып алуу боюнча шектелип камакка алынды

admin

Комментарий