Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кадамжай районунда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын УКМК Өзбекстан Республикасынан КРга импорттолуп жаткан аткезчилик күрүчтүн партиясын (болжол менен 6-7 тонна) кармады.

Кадамжай районунда көптөн бери Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ иштеп келгени аныкталды.
Аталган топ бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай жолу менен ар кандай керектөө товарларын аткезчилик жол менен алып өткөн.

Ошентип, коңшу мамлекеттин жарандары Өзбекстан Республикасынын аймагында көп өлчөмдө күрүч сатып алышкан. Кийинчерээк, алдын ала пландаштырылган кылмыштуу схема боюнча, бул күрүч жүктөр Кадамжай районунун транзиттик аймагы аркылуу Өзбекстан Республикасынын Чоң-Кара анклавына жеткирилген. Андан кийин товарлар Өзбекстан Республикасынын Чоң-Кара анклавынан мыйзамсыз чыгарылып, КР жаранынын Ак-Турпак а/а түшүрүлгөн. Андан кийин товарлар Кыргыз Республикасында сатылган.

Учурда аткезчиликке тиешеси бар кыргызстандык М.Н.А. аттуу жаран тергөө алдында турат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле аткезчиликтин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууну улантууда.

Азыркы учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.