Өзбекстанда дары ичкенден кийин каза болгон балдар. Айыпталуучулар 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Ташкент шаардык соту Doc-1 Max сиропуна байланыштуу ишти кароону аяктап жатат. 5-февралда сот соттук териштирүүнү аяктап, акыркы сөзгө өттү. Бул тууралуу Ozodlik жазды.

12-февралдагы талаш-тартышта прокурор соттон Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин мурдагы директору менен Дары-дармектерди экспертиза жана стандартташтыруу боюнча мамлекеттик борбордун экс-жетекчисине 18 жыл сурады. Мамлекеттик айыптоочу борбордун мурдагы биринчи орун басары жана директорунун орун басарына дагы ушундай эле мөөнөттү сурады. Прокурор ошондой эле аларды үч жылга жооптуу кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууну суранды. Мындан тышкары, ал Quramax Medikal компаниясынын мурдагы директоруна жалпы режимдеги колонияда 20 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын дарысын ичкен 65тен ашык бала каза болгон.

Декабрдын аягында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Doc-1 Max дарысын ичкенден кийин балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун жана импорттоочу Quramax Medical компаниясы менен Дары-дармектерди стандартташтыруу илимий борборунун кызматкерлери кармалганын билдирген. Ошол эле маалда Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги аталган дарыны сатууну токтоткон.

Related posts

Токтобүбү Оргалча алдамчылык боюнча айыпталып, үй камагына чыкты

admin

Милиция кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти

admin

8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөө. Депутаттын сунушуна кандай карайсыз?

admin

Комментарий