Өздөрүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн алдамчыларга алданбоо эскертилди

Акыркы убакта алдамчылар КР жарандарына УКМК кызматкери катары өздөрүн тааныштырып телефон чалышууда.  Алдамчылардын негизги максаты-ар кандай манипуляция же коркутуу жолу менен жарандардын акча каражаттарын тартып алуу болуп саналат. 

Тактап айтканда, алдамчылар ачык маалымат булактарынан жабырлануучу тууралуу маалыматтарды чогултуп, андан кийин ага чалышып, КР УКМК кызматкеринин же тергөөчүнүн атын жамынып, анын бардык акчасы коркунучта экенин айтып, аны коопсуз эсепке которууга же кызматкердин  жеткирүүчүсүнө  накталай берүүгө көндүрүшөт. Жабырлануучу ага УКМКдан телефон чалып жатканына ишенип, алдамчынын эсебине акча которот.

Айрым учурларда шылуундар жарандарды УКМКнын тергөө бөлүмүнөн экендиги жана аларга кылмыш ишин козгоону пландап жатканы менен шантаж кылып, иш козгобош үчүн алардын эсебине белгилүү бир сумманы которууну талап кылышат. Анткени, азыркы учурда дээрлик көпчүлүгү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен коркушат жана мүмкүн болуучу куугунтуктоолордон  кооптонуп,  алдамчыларга акча каражаттарын шексиз которушат. Бул өзгөчө Кыргыз Республикасынын ар кандай мамлекеттик органдарынын жетекчилигине тиешелүү. Заманбап технологиялар каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүндүк берерин эске алып, алдамчылар ачык маалымат булактарында сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн ала алышат.

Мындан улам, УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда  КР УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери  аркылуу кайрылууга чакырат: (0312) 66-04; -75, 62-65-04.

Related posts

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Чүйдө 15 жаштагы кыз 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий