Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 2-ноябрда Өзгөн районунун Куршаб айылынын 37 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын 29-октябрында 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ак түстөгү спорттук кофта, кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Белгилери: бою 155-160 см, арыкчырай, ак жуумал, чачы кара, узун, кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичинекей калы бар.

“Диана Маматкалилова тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшуңуздарды суранабыз: тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93”, — деп белгилешти милициядан.

Related posts

Бишкекте Тойота Харриер унаасын уурдап качкан кыз кармалды

admin

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

admin

Роналду карьерасындагы эң кооз голдордун бирин киргизди

admin

Комментарий