1-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз +2…+7.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.

Related posts

«650 миңди жашырам деп, 100 миң сом сураган». Кара-Сууда салыкчы кармалды

admin

Мэр “Дордой-моторс” базарында митингчилер менен жолукту

admin

«Желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел». Садыр Жапаровдун туунун 30 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзү

admin

Комментарий