10-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +2…+7 күндүз +11…+16

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы +3…+5°, күндүзгү температурасы +9…+11° жылуу болот.

Related posts

Кытайда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөдө канча баллга чейин сезилди?

admin

Оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Өтмөк ашуусунда абал кандай?

admin

Жапаров министрлерге: адилеттүү иштей албасаңар арыз жазып кеткениңер оң

admin

Комментарий