100 миллион сом… УКМК тарабынан 10 салыкчы коррупцияга шектелип кармалды 

Салык кызматынын кызматкерлеринин тобу жеке кызыкчылыгын көздөп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайткандыгы, 100 миллион сомдон ашык салык төлөөчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин назарына түшкөн. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Келип түшкөн материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган, аларга тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

admin

10-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий