100 жылдан ашык убакыт мурда салынган Караколдогу СИЗОнун абалы (сүрөт)

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдогу тергөө абагына камалгандардын кармоо шарттары менен таанышты. Ал кармалып тургандардын шарттары менен таанышуу үчүн камераларды тандап кирген.

Камералардын биринде чет элдик жарандар — Орусиянын үч жараны, Өзбекстандын бир жараны, Монголиянын бир жараны бар. Алардын баары чек арадан мыйзамсыз өтүп келе жатканда кармалышкан. Кармоо шарттарына алар даттанышкан жок, ошондой эле Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоо боюнча кайрылышкан эмес.

Башка камерада алтоо — милициянын мурдагы кызматкерлери камалган. Алар да кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок бешөө Акыйкатчыга сот жыйындарында укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алардын бири баңгизатын таштап салышып, жалаа жаап жатышканын айтты. Ал эми милициянын мурдагы үч кызматкери аларга карата колдонулган баш коргоо чарасына — камакта жатканына макул эмес.

Тергөө абагына Акыйкатчы барган кезде 69 адам кармалып турган, алардын бирөө аял, дагы бири жашы жете элек өспүрүм. Акыйкатчы камактагы аялдын шарты менен таанышты. Аны пробация шарттарын бузганы үчүн соттун чечими менен тергөө абагына киргизишкен. Аял да кармоо шарттарына даттанган жок. Башка бир камерада 17 жана 18 жаштагы эки жигит болгон. Алар да кармоо шарттарына арызданышкан жок. Мындан соң, Акыйкатчы камактагыларды сейилдетүүгө алып чыгуу шарттары менен таанышты.

“Имарат эски. Камактагылардын кармоо шарттарынын нормаларына ылайык келе турган жаңы имаратты куруу талап кылынат”, — деди Акыйкатчы. Имараттын жетекчилиги берген маалыматка таянсак, Караколдогу тергөө абагынын имараты 1900-жылдарда курулган. Тергөө абагы 142 адамга эсептелген.

Related posts

Садыр Жапаров эмнеге маалымат жыйын өткөрбөйт? Өзү жооп берди

admin

Дмитриевкадагы атышуу учурунда Күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды

admin

Сот Бектур Асановго чет жакта дарыланууга уруксат берди

admin

Комментарий