11-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-12, күндүз -7…-2.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +7…+9 градус жылуу.

Related posts

Кулак-мурду кескиленген келин өзүн күзгүдөн көргөнүн айтты

admin

«Соттор бизге отчёт беришпейт». Ички иштер министри кармалган 11 журналист боюнча үн катты

admin

Кабмин увеличил стипендии для аспирантов 

admin

Комментарий