12-апрелге карата айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт

12-апрелде Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдордун тоолуу аймактарында кар, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +16…+21

Талас району
түнкүсүн +3…+8
күндүз +14…+19

Баткен областы
түнкүсүн +6…+11
күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +11…+16

Нарын областы
түнкүсүн -3…+2
күндүз +15…+20

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 17…19° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болот.

Related posts

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Бишкектеги №63 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

admin

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

admin

Комментарий