12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.

Related posts

«Кумтөрдүн» адистери Тоголок алтын кенине жана Жангарт аянтына барып келишти – ФОТО

admin

Жасалма диплом. Жогорку сот Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты

admin

Орозо айт 30-мартта болору айтылды

admin

Комментарий