12-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.

Related posts

Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБге продукциясын экспорттой алат

admin

Бишкекте транспорт жана энергетика тармагындагы маселелер талкууланды

admin

Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алды

admin

Комментарий