12-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-мартка караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо, тоо этектеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+5, күндүз +13…+18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус.

Related posts

Казакстандык блогер Кыргызстанда кармалганын жазды

admin

Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүү пландалууда

admin

Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, Президентинин милдетин аткаруучу Ласло Кёвер менен жолугушту

admin

Комментарий