12-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштөн кийин жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз -7…-2.

Бишкекте 12-январга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6 градус жылуу.

Related posts

Лавров россиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча үн катты

admin

Бишкекте 20 жаштагы Адинай Абазова дайынсыз болуп жатат

admin

Чүйдө аял өзү короткон акчаны каракчыларга шылтаган деп шектелүүдө

admin

Комментарий