«120 миң сом талап кылышкан». Кара-Кулжа РИИБдин 2 кызматкери кармалды

Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 1-ноябрга караган түнү, ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмыш ишти оң жакка чечип берем деп 120 миң сом талап кылган Ош облусунун ИИБнын Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышып, камакка алынган.

Related posts

Талас облусундагы жеке менчике өтүп кеткен турмуш-тиричилик комбинаты мамлекетке кайтарылды

admin

Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришти

admin

Келлог: Киевдин РФ аэродромдоруна жасаган чабуулу кырдаалды курчутат

admin

Комментарий