13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Related posts

Бишкектеги №29 мектепте «Улуттун түбөлүктүүлүгү эне тилинде» аттуу  салтанаттуу иш-чара өттү

admin

Блогер Арген Асанов мурдагы жубайы Аружан Бекешеванын жакшылыгына барды (видео)

admin

Telegram аркылуу «ИГИЛ» уюмуна азгырылган кыргызстандык кармалды

admin

Комментарий