13-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаайт. Түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Related posts

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта айдоочу менен жүргүнчү изделип жатат 

admin

Ленин шайлоо округу боюнча талапкерлердин саны 15ке жетти. Тизме 

admin

Бүгүн активисттер Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралат

admin

Комментарий