13-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде,  Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде,  Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

Related posts

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө курулуш иштери кызууда

admin

Чүйдө 25 жаштагы кызды уурдап бара жаткандар кармалды

admin

Аты менен кошо унаанын алдында калган. Чүйдө жаран жол кырсыгынан каза болду

admin

Комментарий