14-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым аймагында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун айрым аймагында, Талас, Жалад-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Бишкекте күндүз жаан жаабайт. Кечке маал жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 градус болот.

Related posts

Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну 18-майдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Казак президенти Конституцияны өзгөртпөрүн жана 2026-жылы шайлоого катышпай турганын айтты

admin

Бишкекте №216 каттамдагы автобус мамыны сүздү

admin

Комментарий