15-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +3…+5 градус

Related posts

«Мамлекет кечирбейт». Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Тина Канделакиге жооп берди

admin

Медер Машиев жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

admin

Бишкекте Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди (сүрөттөр)

admin

Комментарий