15-ноябрда өлкөдө аба ырайы төмөнкүчө өзгөрөт:
Түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында кар жаашы мүмкүн, ал эми башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаабайт, бирок айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусу: түнкүсүн -2…-7°C, күндүз +2…+7°C
- Талас облусу: түнкүсүн -1…-6°C, күндүз +1…+6°C
- Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары: түнкүсүн -1…-3°C, күндүз +5…+10°C
- Ысык-Көл облусу: түнкүсүн -2…-7°C, күндүз +2…+7°C
- Нарын облусу: түнкүсүн -5…-10°C, күндүз +1…+6°C
Бишкекте жаан-чачын болбойт, аба ырайы салыштырмалуу жылуу болот: түнкүсүн -3…-5°C, күндүз +5…+7°C.
Эскерте кетчү нерсе: Тоолуу аймактарда тайгак жолдорго абдан көңүл буруңуз!