15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

admin

Жамгыр жаайт. 21-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

В Бишкеке воздух прогреется до +11 градусов, – прогноз погоды на 28 февраля 

admin

Комментарий