16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Related posts

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия утту

admin

Дагестандагы аэропортто Израилден учак конгондо тополоң башталды

admin

УКМК Ошто документтерди жасалмалоо фактысы менен нотариус кызматкерлери кармалды 

admin

Комментарий