17-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17… +22,

Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +11…+16,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз + 11…+16.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз, +18…+20 градус болот.

Related posts

Таластын Жон-Арык айылындагы сарай толугу менен өрттөндү

admin

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

admin

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

Комментарий