17-апрелге карата аба ырайы

17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Таластын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт.

Бейшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда 19…24, Таласта 15…20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 21…26, Ысык-Көл менен Нарында 13…18 градус жылуу болот.

Күндүн табы Бишкек шаарында 21…23, Ош калаасында 23…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Related posts

Муфтият Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

admin

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9 кишиге жетти

admin

Бишкек ЖЭБдеги авария учуру түшүп калган видео тарады

admin

Комментарий