18-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 8…10° жылуу болот.

Related posts

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Өрт чыккан Кербендеги ооруканадан алты ымыркай облустук бейтапканага которулду

admin

Кеминдин Боролдой айылы таза суу менен камсыз болду

admin

Комментарий