18-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.

Түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,

Баткенде түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +0…-2, күндүз +12…+14 градус болот.

Related posts

Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү боюнча: «Эмнеге ушуга жабышты да калды билбейм»

admin

Баткенде 14 жаштагы Аяна дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

«Унаада 3 аял, 2 бала болгон». Алайку жолунда унаа жолдон чыгып даракка урунган

admin

Комментарий