Кыргызгидромет маалыматы боюнча, 19-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, тоолордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда аба ырайы жаан-чачынсыз болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнү: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +13…+18°
- Талас өрөөнү: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +12…+17°
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +12…+17°
- Ысык-Көл облусу: түнкүсүн -2…+3°, күндүз +5…+10°
- Нарын облусу: түнкүсүн -4…-9°, күндүз +2…+7°
Бишкекте түнкүсүн температура +5…+7°, ал эми күндүз +16…+18° жылуу болот.