2-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-ноябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Related posts

Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

admin

Россияда президенттик шайлоо дайындалды

admin

Бишкекте «Кыргызалтындын» алтын куймаларын саткан дүкөнү ачылат

admin

Комментарий