«2 жылдан кийин бүтөт». Садыр Жапаров Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты.

«Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Кудай буюрса, эки жылдан кийин ачылышын жасайбыз. Жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат (12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан). Инженер- электриктер бөлүмүндө – 7 адис (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан). Инженердик ички коммуникациялар, желдетүү жана өрткө каршы тутум бөлүмүндө – 7 адис (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан). Инженер-конструктор – 12 адис (7 адам – Түркиядан, 5 адам – Кыргызстандан). Консультациялык топ – 6 адис (3 адам – Англиядан, 3 адам – Түркиядан).

Бул стадион эмнеси менен уникалдуу? Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон боз үй феномени түзөт. Дизайнынын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда. Борбор Азиядагы эң чоң жабык унаа токтотуучу жай 3600 унаага ылайыкталган. Анда стадион гана эмес, 35 миң м2 аянтты ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору да болот. Көпчүлүк стадиондордо болбогон ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат. «Гибриддик газон технологиясы» менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт.

Имараттын отуруучу аянты 70,000 м2.
Курулуш аянты 180,000 м2.
8 кабат, бийиктиги 70 метр.
Стадиондун диаметри 280 метр тегерек формада.
Стадиондун аянты 85000 м2.
60,000 м2 жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар бар.

Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 000 м3 көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатып алынат. Мындан тышкары, маанилүү болуп саналган жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн Кыргыз жарандары түзөт. Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалууда. Электромеханикалык иштерин жана 50 м оор блоктон жасалган чатырды колдонуу менен 7 ай ичинде аяктоо каралган. Башка иштер 6 ай бою улантылса, демек, курулуштун болжолдуу мөөнөтү 2 жылды түзөт. Каражат маселесин толугу менен төлөп бердик. Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, эки жылдан кийин бул стадион элибиздин керегине жарап, кызмат кыла баштайт», — деп жазды ал.

Related posts

Кыргызстанда сасык тумоо өсүүп жатат. Мектептер карантинге жабылышы мүмкүн

admin

Баары чогуу ыйлап. Ким Чен Ын Энелер конгрессинде көзүнө жаш алды

admin

“Кара-Балтада атышуу болду” деген видео тарады

admin

Комментарий