20-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.

Related posts

Кыш бүттү, куртканын кереги жокпу? Бишкекте канализацияга куртка тыгылып калган

admin

Бишкектин четинде аскердик тик учак кулап түшкөнү айтылды

admin

Депутат Жаныбек Абиров кафенииин кызматкери менен мушташты

admin

Комментарий