20-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн абанын температурасы +21…+23, күндүз +33…+35 градус ысык болот.

Related posts

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

admin

Сүттүн майлуулугуна жараша баасы аныкталат…

admin

Ошто караоке клубдагы администратор кызды зордуктоого аракет жасалган. Окуя видеого түшүп калды

admin

Комментарий