20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-мартта түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

Related posts

Кыргызстанда УКМК жана ФСБ академияларына кабыл алуу башталды

admin

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

Шайирбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы директору болуп дайындалды

admin

Комментарий