Скотч менен байланган кыздын иши Эмгек министрлигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, материалдар Бишкек шаардык соттук-медициналык экспертизасына сексуалдык зомбулук фактысы бар-жогун аныктоо үчүн жөнөтүлгөн. Өспүрүм кыз 2019-жылы соттун чечими менен асырап алынган. Сокулук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат. Балага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө», — дешти.
Бүгүн, 30-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылганын жазышты. Маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришкен болчу.