«2019-жылы асырап алынган». Эмгек министрлиги байланган абалда табылган кыз боюнча үн катты

Скотч менен байланган кыздын иши Эмгек министрлигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, материалдар Бишкек шаардык соттук-медициналык экспертизасына сексуалдык зомбулук фактысы бар-жогун аныктоо үчүн жөнөтүлгөн. Өспүрүм кыз 2019-жылы соттун чечими менен асырап алынган. Сокулук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат. Балага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө», — дешти.

Бүгүн, 30-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылганын жазышты. Маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришкен болчу.

Related posts

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын да сөөгү табылды

admin

Эркин күрөш боюнча курама команда Түркиядагы эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

admin

Айгүл Жапарова акча таратт деген маалымат жалган

admin

Комментарий