2022-жылы Кыргызстан 2,6 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоду

 2022-жылдын 10 айында Кыргызстан Түркмөнстан жана Казакстандан 2,6 млрд киловатт/саат электр энергиясын импорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин товар айландыруу тууралуу отчетунда маалымдалат.

2 млрд киловатт/сааттан ашык негизги көлөм Түркмөнстандан, ал эми 580,1 млн киловатт/сааты Казакстандан импорттолгон.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Түркмөнстандан импорттоо 6 эсеге, ал эми Казакстандан импорттоо 7%га өскөн.

«Ал эми казак электр энегиясынын 1 киловатты 1,57 сомдон, ал эми түркмөн энергиясынын баасы киловаттына 2,47 сомдон айланды. Быйыл Өзбекстандан электр энергиясы сатып алынган жок. Өткөн жылы январдан октябрга чейин Өзбекстандан 504,3 млн киловатт/саат электр энергиясын сатып алынган», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат

admin

Ош шаарындагы алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгынын себеби айтылды

admin

Акылбек Жапаров быйыл 100 мектеп, бала бакчанын курулушун бүткөрүүнү убадалады 

admin

Комментарий